Парижде 70 жылдан бери эч ким жашабаган үй табылып,
2 миллион еврого бааланууда. Анда ХХ кылымдын 30-жылдарындагы буюмдар, эмеректер сакталып, ал батирде убакыт токтоп калгандай таасир калтырган.
Үйдүн кожойкеси Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда улутчулдардан Франциянын түштүгүнө карай качып кеткени маалым болгон. Белгисиз себептерден улам ал Парижге кайтып келген эмес. Бирок коммуналдык кызматтар үчүн төлөп келген. 2010-жылы үйдүн ээси 91 жашында каза болгондо мураскерлер батирдеги буюмдардын баасын билүүгө кызыгып, адистерге кайрылышкан.
Көп буюмдардын арасынан эксперттердин кызыгуусун жараткан кызыл көйнөкчөн айымдын сүрөтү аукциондо 2,1 миллион еврого сатылган. Ал декаданс эпохасындагы италиялык классик Жованни Больдиниге таандык сүрөт болгон. Анда Марта де Флориан аттуу актриса тартылып, бөлмөдөн актрисага келген бир нече сүйүү каттары да табылган.