Кыргызстандын муфтиятынын расмий сайты хакерлердин кол салуусуна дуушар болгон соң оңдолуп, кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда чабуул жасаган хакерлердин кайсы IP дарек аркылуу киргендиги аныкталууда. Эске салсак, муфтияттын сайты 3-январь күнү
хакердик чабуулга кабылган. Аталган сайттан жай музыка чыгып, тапанча кармаган айымдын элеси түшүрүлгөн сүрөт көрүнүп, анда “Сирияга эркиндик”, “Палестинага эркиндик”,
"Колдон келбей турган нерсе жок", "Алжирден келген чабуул" деген сөздөр жазылган болчу.