Алмазбек Атамбаев Иса пайгамбардын туулган күнү менен өлкө элин куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-январда Иса пайгамбардын туулган күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда булар айтылат: 
"Кымбаттуу мекендештер! 
Урматтуу православие динин туткан Кыргызстандын жарандары! 
Сиздерди жаркыраган, кубанычтуу майрамыңыздар - Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктайм! Ушул күнү, урматтуу мекендештерим, эң жакын адамдарыңар сиздердин жаныңарда болушун каалайм. Үйүңөр кубанычка, жылуулукка толсун. Ушул майрам ар дайым дилиңерге жарык чачып, терең ишенимге жол ачып, жакшылыкка бөлөсүн. 
Жаңы 2015-жыл бардык кыргызстандыктарга эң жакшы кабарларды, ал эми өлкөбүзгө ынтымак жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин! 
Сиздерге, туугандарыңарга, жакындарыңарга чың ден соолук, аманчылык жана бакыт-таалай каалайм!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан