Президент "Кыргыз темир жолунун" директорун кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев менен «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев Кыргызстан - Кытай темир жолунун курулушунун долбоорунун түрдүү варианттарын талкуулашты.

Мамлекет башчысы бул долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык маселелерди терең иштеп чыгып, аларды Кытай Эл Республикасынын тиешелүү ведомстволору менен дагы бир ирет талкуулоо боюнча тапшырма берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан