Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 8-январда Чүй облусундагы Чүй жана Кемин районунун жашоочулары менен жолугушту. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, анда электр энергиясына болгон тарифтер, жеке турак жай үчүн жер тилкелерин трансформациялоо, сугат системдерин калыбына келтирүү, бала бакча, мектептерди куруу, сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.
Айрымдары Искак Раззаков атындагы университеттин Токмоктогу филиалынын жабылып жатышына нааразы болушту. Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева ЖОЖдорду реформалоо үчүн филиалдар кыскартылып жатканын билдирип, окуп жаткан студенттер окууларын бүтүрө тургандыгын айтты.
Жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү министрликтерге тапшырма берилип, аны парламент көзөмөлгө алмакчы болду.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 8-9-10-январь күндөрү өлкө аймагында шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат.