КРнын Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген шаарларда музей түзүүгө 235 миң сом бөлдү. Бул тууралуу 8-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министр кол койгон токтомго ылайык, Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы Маданият үйүнүн алдында "Красная Речка" маалыматтык музейин, Чүй районунун Ак-Бешим орто мектебинин алдында "Ак-Бешим" маалыматтык музей-борборун түзүүгө өкмөттүн резервдик фондунан 235 864 сом бөлүндү.
Эске салсак, 2014-жылдын 25-июнунда Чүйдөгү байыркы шаар калдыктары Ак-Бешим (Суяб), Бурана (Баласагын), Красная Речка (Невакет) ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.