Алмазбек Атамбаев “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” документке кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган. Бул тууралуу 8-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам аны “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү, ошондой эле Жогорку евразиялык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы №74-чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралардын (жол картасын) санитардык чараларды колдонуу бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Мыйзамда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөлдү уюштуруу каралган.
Ушул мыйзамдын 2014-жылдын 29-майындагы "Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө" келишимге "Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" келишим мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 1-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарын, 8-пунктунун экинчи-бешинчи абзацтарын жана 9-пунктун кошпогондо, ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.