Жаңы 2015-жыл тамак-ашка болгон баалардын өсүшү менен башталды. Учурда базарда 2014-жылдын декабрь айындагы баалар менен бүгүнкү күндөгү баалардын айырмасы байкаларлык эле. Себеби айрым азык-түлүктөрдүн баасы 10-15 сомго чейин өскөн. Сатуучулардын айтымында, баалар Бажы союзуна кирүүгө жана доллардын курсуна байланыштуу өсүүдө.
Жаңы жыл алдында күрүчтүн 1 килограммынын баасы 70 сомдон 150 сомго чейин болсо, жаңы жылдын башында анын баасы 5 сомдон 10 сомго чейин кымбаттады. Пияздын баасы (килограммы) буга чейин 25-27 сомго чейин болсо, азыркы баасы 30 сомду түзүүдө. Капустанын 1 килограммы буга чейин 20 сомдон сатылса, учурда анын баасы 28-30 сомдун тегерегинде. Картошканын 1 килограммы жыл жаңырар алдында 20-23 сомдун тегерегинде болсо, азыр 25 сомдон сатылууда. Орусиядан алынып келинүүчү өсүмдүк майынын 1 литринин баасы 1-1,5 сомго чейин кымбаттаган. Кызыл кызылча өткөн жылдын соңунда 23-25 сомдон болсо, азыр анын 1 килограммынын дүң баасы 30 сомду түзүп, сатыкка чыккан баасы 40 сомго чейин жетти. Томат пастасынын килограммы буга чейин 95 сомдон болсо, азыр ал 98 сомдон сатылууда. Ошондой эле айрым жер-жемиштердин баасы кичине түшкөндөй. Банандын 1 килограммы Жаңы жыл майрамынын алдында 200 сомго жеткен, учурда 100-110 сом. Киви буга чейин 150 сомдон сатылса, азыр 120 сомдун тегерегинде. Ал эми алманын 1 килограммы 40 сомдон 70 сомго чейин сатылып жатат.
“Учурда капуста жана пиязга болгон баа өсүп кетти. Себеби азыр пиязды казакстандыктар кымбатыраак баада дүңүнөн сатып алып кетишүүдө. Ал эми капустанын дээрлик бөлүгү Тажикстанга кетип жатат. Ошол себептен улам алардын баасы бир аз өсө түштү. Бирок 1 жумадан кийин алардын баасы түшүшү мүмкүн. Азыр ишенич жок, себеби доллардын курсу күн санап өсүүдө”,- дейт базарда көп жылдан бери сатуучу болуп иштеген Азамат Досуев.