Өкмөт Саймалуу-Таш коругунун аймагынан кен казганы жатат

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 8-январда "Макмал алтын" комбинатынын тегерегиндеги кырдаал боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында өкмөттүк аппараттын Өндүрүш, отун-энергетикалык комплекс жана кен байлыктарды пайдалануу бөлүмүнүн сектор башчысы Таалайбек Далбаев биринчи вице-премьердин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ Жаңы жылдын алдында Тогуз-Торо районуна барганын билдирди. "Казарман айылында район активдери жана алтын өндүрүүчү комбинаттын жамааты менен жолугушуулар болду. Район тургундары, комбинаттын жумушчулары калдык сактоочу жайды кайра иштетүү үчүн инвестиция тартууну сунушташты. Ал жерде болжол менен 6 тоннадай алтын бар. Жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн экинчи маселе Кылдоо жана Миң-Теке жер тилкелерин трансформациялоо болду. Бул тилкелер Саймалуу-Таш жаратылыш коругунун аймагында жайгашкан. Божомолдор боюнча, Кылдоо тилкесинде 6,5 тонна алтын бар. Миң-Текеде таш көмүрдүн кору жайгашкан. Бул тилкелер Саймалуу-Таштын коргоого алынган аймагынан 30-40 чакырым алыстыкта жайгашкан, ошондуктан жашоочулар жерди трансформациядан өткөрүүнү жана инвестор тартууну суранышууда",- дейт Далбаев.  

"Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов бир катар чет элдик компаниялар Тогуз-Торо районуна инвестиция салуу сунушун изилдеп жатышканын айтты. 

Сарпашев 10 күндүн ичинде аталган эки жер тилкесин трансформациялоо боюнча бардык нормативдик иштерди бүтүрүү тапшырмасын берди. "Макмал" бүтүндөй Тогуз-Торо районун багат. Жер тилкелерин трансформациялоо маселесин кечиктирбей чечүү зарыл. Каражат сала турган инвесторго өкмөт бардык шартты түзүп берүүгө даяр",- деди Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан