Майлуу-Суу шаарынын тургундары экологиялык жактан булганган шаар катары кошумча төлөмдөрдү берүүнү талап кылышууда. ЖКдан билдиришкендей, мындай сунушту тургундар 8-январда депутаттар Токтогул Туманов жана Нурбек Касымбеков менен жолугушууда билдиришкен. Майлуу-Суу шаарынын тургундары жол, таза суу сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүп, лампа заводун жаңы жабдыктар менен камсыз кылуу, стратегиялык объектилерге мыкты кадрларды дайындоону да сунушташты.
Базар-Коргон районунун тургундары райондук архивдин имараты 2010-жылы өрттөнүп, документтер күйүп кеткендиктен, пенсияга аз акча менен чыгып жаткандыктарына нааразы болушуп, муну чечүүнү суранышты.
Айта кетсек, парламент депутаттары 8-10-январь күндөрү аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт.