Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке нотариустарына карата "Нотариат институтунун азыркы учурдагы абалы жана келечеги" деген темада семинар өткөрдү. Семинардын максаты - нотариалдык биримдикти камсыздоо жана ишмердүүлүктү өркүндөтүү.
Аталган башкармалыктын башчысы Марипа Сейдалиева Нотариат институтунун азыркы абалы боюнча маалымат берип, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору боюнча пикирин айтты.
Семинардын жүрүшүндө Юстиция министрлиги тарабынан Мамлекеттик жана жеке нотариустардын иш-аракетине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы айтылды.
Нотариустардын иш-аракетинин жыйынтыгы боюнча өз ишин жоопкерчиликтүү алып барган кээ бир нотариустарга атайын наамдар ыйгарылып, сертификаттар тапшырылды жана 2015-жылга карата нотариалдык иш-аракеттерди өнүктүрүү боюнча ойлор айтылды.
Семинарга мамлекеттик жана жеке нотариустардын, Эсептөө палатасынын, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышканын Юстиция министрлиги 8-январда билдирди.