Канадалык сот "Центеррадагы" 47 миллион акция боюнча чечиминин үстүнөн арызданууга "Кыргыз алтынга" уруксат берди

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту өзүнүн 2014-жылдын 15-октябрдагы чечими боюнча арызданууга "Кыргыз алтын" ЖЧКсына уруксат берди. Айта кетсек, соттун чечиминде Кыргызстанга жана "Кыргыз алтын" ишканасына "Центеррадагы" камакка алынган 47 миллион акциясын сатууга, пайдаланууга, алмашууга, өздөштүрүүгө жана күрөөгө коюуга тыюу салынган болчу. 
Маалыматка таянсак, "Станс Энерджи" компаниясы Онтарио провинциясынын Жогорку Соту тарабынан соттук тыюу салуу (ордер) алган. Аталган фирма "Куттуу-Сай-2" кенин иштетүүгө лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартууну жараксыз деп табуу боюнча сот процессинин башталганы үчүн 118,2 миллион доллар төлөп берүү боюнча Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык соттун чечими боюнча териштирүү иштери учурунда берилгени айтылды. 
Кыргыз тарап аталган сумманы төлөп берүүдөн баш тарткан.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан