Электр энергиясына болгон баа ушул жылдын февраль айынан баштап төмөндөйт. Муну өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору
Нурбек Элебаев 9-январда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.
Бул Казакстандан алынып жаткан импорттун көлөмү азайтылгандыгына байланыштуу. Маалым болгондой, калк электр энергиясын 700 киловатт-сааттан ашык пайдаланса, 182 тыйындан төлөйт. "Ал эми 700 киловатт-саатка чейин колдонгондор үчүн жаңы тарифтер иштелип чыкканча 70 тыйындан гана берилип турат",- деди Элебаев.