2014-жылы өлкөдө 400 миңдей жаран жөлөк пул алды

Кыргызстанда 2014-жылы социалдык жактан колдоого муктаж 400 миңдей жаран мамлекеттин эсебинен жөлөк пул алды. Мунун ичинен 313 500 жаран - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, 75 400 жаран - ай сайын социалдык жөлөк пул алуучу. "2014-жылдын 1-ноябрынан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кепилденген минималдык кирешесинин суммасы 640 сомдон 705 сомго көбөйтүлдү. 2014-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын суммасы 250 сомго көтөрүлдү. 1-топтогу майыптыгы үчүн 4400 сомго жетпеген пенсия алгандардын пенсиясынын суммасы 4400 сомго жеткирилди. 4400 сомдон ашык пенсия алгандардыкы 300 сомго көбөйдү",- деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
Маалыматка таянсак, 2010-жылкы Июнь окуясынан каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана окуядан жабыркагандарга ай сайын 3700 сомдон жөлөк пул берилет. Мындай формадагы жөлөк пулду 712 адам алары айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан