Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 9-январда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуу келишимин ишке ашыруу процедурасы боюнча пландардын аткарылышы тууралуу жыйын өткөрдү. Жыйында экономика министри Темир Сариев аталган маселе боюнча пландардын аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Премьер-министр өлкөнүн аталган биримдикке кошулушу боюнча жол картасынын ар бир пункту өз убагында жана сапаттуу аткарылышы зарыл экенин белгиледи. Кыргызстандын ЕАЭСке кошулушу боюнча биринче кезекте жасалышы керек болгон иштерди атаган өкмөт башчы нормативдик базаны даярдоо иши да сапаттуу жүрүшү керектигин айтты.