Казакстан Кыргызстанга берчү электр энергиясынын баасын кымбаттатты

"Казакстандан алынып жаткан электр энергиясынын баасы кымбаттады. Бул доллардын курсунун көтөрүлүп жатканына байланыштуу",- деп билдирди Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев. Бул тууралуу чиновник бүгүн, 9-январда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Анын билдиришинче, Кыргызстан импорттук бааны теңге менен бекиткен. 
"Биз импорттук келишимди ай сайын өзгөртүп бекитип жатабыз. Ал эми доллардын курсу өсүп жаткандыгына байланыштуу Казакстан тарап 1 киловатт-саат электр энергиясын 0,7 теңгеге көтөрдү. Биз ага карабай керектөөчүлөргө светти ай сайын арзандатып берип турууну пландап жатабыз. Февраль айында 700 киловатт-сааттан ашык жаккандарга 1 сом 82 тыйындан берсек, март, апрель айларына 1 сом 75 тыйын же 1 сом 65 тыйынга түшүп калышы мүмкүн",- дейт агенттиктин башчысы.      
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан