Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 8-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегия мүчөлөрү, медициналык мекемелердин директорлору жана башкы дарыгерлери менен жолугушту. Ниязалиева тармактагы көйгөйлөр ыкчам жана натыйжалуу чечилиши үчүн дарыгерлер менен бийликтин ортосунда ачык диалог болушу керектигин белгиледи.
"Жашыруун эмес, саламаттыкты сактоо тармагында чечүүнү талап кылган көйгөйлөр көп. Жарандардын оорулардын алдын алуу зарылдыгы боюнча маалыматы аз, муну кыскартуу үчүн ММК, айылдык ден соолук комитеттери жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууну жандантуу керек. Жарандар арасында сергек жашоо образын даңазалоо зарыл. Чылым чегүүдөн, спирт ичимдиктеринен баш тартуу жана туура тамактануу, сергек жашоо образы адамдын узак жашоосунун өбөлгөсү экенин ар бир жаранга жеткиришибиз керек",- дейт вице-премьер.