Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында бүгүн, 9-январда 1 рублду сатып алуу 1 сом болууда. Ал эми 1 рублду сатуу кыргыздын 97 тыйынына түштү.
Рублдун курсунун түшүүсүнө Орусияга батыш өлкөлөрү жарыялаган санкциялар, экономикалык кырдаал, дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин төмөндөшү өңдүү факторлор себеп болуп келет.
2014-жылдын декабрь айынын башында кескин төмөндөп, 1 рублду сатып алуу кыргыздын 80 тыйынынын тегерегинде болгон. Ошол эле айдын аягында анын куну кайрадан көтөрүлүп, 1 сом 10 тыйындан сатылып жаткан. (Орус валютасынын курсунун кескин төмөндөп жатышынын негизги себептери менен бул жактан таанышсаңыз болот).
Бул көрүнүш Орусияда эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттары үчүн чоң көйгөй жаратууда. Анткени 25 миң рубль маяна алган жаран ал акчасын тамак-аш, турак жай, патент алууга төлөгөндө Кыргызстанга жөнөтүүгө ашыкча каражат жок болуп калары бышык.