Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу “Мурас”, “Мээрим” жана “Кулунчак” бала бакчаларынын көп жылдан берки түйшөлткөн маселеси чечилип, жаңы стол, отургуч, керебеттер жана башка керектүү эмеректер берилди. Бул тууралуу аталган башкармалыктан бүгүн, 9-январда билдиришти.
Мындан сырткары шаардагы айрым мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги эскилиги жеткен уктоочу керебеттерди жаңылоо максатында аталган башкармалык тарабынан 2014-жылдын 16-декабрында тендер өтүп, жалпы суммасы 693 миң сомду түзгөн жаңы эмеректер берилүү алдында турат.
Кошумчалай кетсек, учурда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 30 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштейт.