Орусияда мусулмандар үчүн жасалган уюлдук телефондор сатыкка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул атайын мусулмандар үчүн жасалган уюлдук телефондо намаз убактысы келгенде ойгото турган саат орнотулган. Ошондой эле араб тилиндеги Куран жана анын орус тилиндеги котормосу да бар. Анын баасы 1900 рублдун тегерегинде экени айтылат маалыматта.