“Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердигин өркүндөтүү, ошондой эле ушул тармактагы мыйзамдарды Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системи жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан