Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 9-чакырымына болжол менен 2500 метр куб кар көчкү түштү. Көчкү бүгүн, 10-январда саат 10:30 чамасында түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, аталган унаа жолу убактылуу жабылды.
ЖЭМ-2 тарабынан 3 бульдозер тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.