Өкмөт: Дүйнөдө мунайдын арзандашы Кыргызстандагы бензин бааларына 2-3 айдан кийин таасир этүүдө

Кыргызстанда 2014-жылдын 29-ноябрынан 2015-жылдын 10-январына чейин бензин баалары 5 жолу арзандады. Муну өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады. Агенттик дүйнөдө мунайдын арзандашы менен Кыргызстанда бензин бааларынын кескин арзандабай жатышын фьючерстик келишимдерге байлады.

"Газпром нефть Азия" ЖЧКсы орусиялык мунай өндүрүүчү заводдор менен күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча фьючерстик келишимдин негизинде иштейт. Фьючерстик келишим - кайсы бир активди кайсы бир көлөмдө, белгиленген мезгил аралыгында бүгүнкү макулдашылган баада сатуу-сатып алуу келишими. Ошондуктан мунайга болгон азыркы дүйнөлүк баалар орусиялык мунай өндүрүүчү заводдорго дароо таасир эте албайт.

Фьючерстик келишимдер негизинен кол коюлган күндөн кийинки 1-2 айдын ичинде аткарылат. Мындан тышкары мунайды заводго чейин ташып келүүгө, сактоого жана кайра иштетүү процессине убакыт талап кылынат. Буга байланыштуу биржадагы мунайга болгон азыркы баалар мунайды кайра иштетүүчү заводдордон товарды сыртка чыгаруудагы бааларга 2-3 ай кечигүү менен таасир этүүдө. Мунайдын баалары кымбаттаса да, ушундай эле жол менен (2-3 ай кечигип) таасир этет",- деп билдирет мекеме.  

"Газпром нефть Азия" компаниясы учурда 2014-жылдын ноябрь-декабрь айларында алынган мунай азыктарын сатуу менен алектенип жатканы айтылды. Компания былтыркы жылдын 29-ноябрынан бери этап-этабы менен бааларды 5 жолу арзандатканы кошумчаланды.  

Кыргызстанда күйүүчү майлардын учурдагы баалары төмөндө:

АИ-80 - 38 сом (2014-жылдын 28-ноябрында 41 сом 90 тыйын болчу).

АИ-92 - 46 сом 40 тыйын (2014-жылдын 28-ноябрында 49 сом 90 тыйын болчу).

АИ-95 - 49 сом (2014-жылдын 28-ноябрында 53 сом 20 тыйын болчу). 

АИ-98 - 51 сом (2014-жылдын 28-ноябрында 55 сом 40 тыйын болчу).

Дизель майы - 39 сом 50 тыйын (2014-жылдын 28-ноябрында 43 сом 50 тыйын болчу). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан