10-январдан тарта республиканын ар бир аймагы боюнча дизотун жана бензиндин бардык үлгүлөрүнүн баалары 1 сомго төмөндөдү. Ал эми Ош жана Баткен облустарында АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 1,5 сомго арзандады. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, күйүүчү майдын баасынын өзгөрүүсү орусиялык рынокко таасир эткен эки себептен болууда. "Биринчиден, Орусиядагы ири нефтти кайра иштетүүчү ишканаларда оңдоо иштери аяктагандыгы. Экинчиден, бензинге болгон суроо-талаптын сезондук азаюусу. Мындан тышкары нефтти кайра иштетүүчү ишканалардын дүң баасынын төмөндөшү да бензиндин арзандашына таасир этүүдө",- деп жазды басма сөз кызматы.