Катар делегациясынын Кыргызстанга келиши февраль айына жылдырылды
Катар мамлекетинин делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапары февраль айына жылдырылды. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришкендей, делегацияны жетектеп келчү шейх Жасим бин Жабр Аль Танинин жеке иштерине байланыштуу жылдырылды. Аталган топ 12синен 16-январга чейин Кыргызстанда болуп, Кыргызстандан Катарга эт азыктарын, жашылча-жемиштерди экспорттоо маселесин сүйлөшмөк. Сүйлөшүү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Катарга болгон иш сапарында жетишилген келишимдердин негизинде жүрмөк.