Өкмөт унаа ташуучулардын маселесин чечип бербесе, алар өзүн өзү өлтүрүүгө даяр

Бүгүн, 12-январда маалымат жыйынында кыргызстандык унаа ташуучулар өкмөттөн алардын көйгөйлүү маселесин чечүү үчүн бир ай мөөнөт сурашты.
КРнын Унаа ташуучулар ассоциациясынын башчысы Нурбек Турсунбековдун айтымында, өкмөттүн бажы салыгы боюнча №519-токтому 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген. "Айрым унаа ташуучулар ири насыяларды алып, чет өлкөдөн 20-30 унаа сатып алып, жаңы жылга чейин Кыргызстандын аймагына жеткире алышкан жок. Мындан улам бажы салыгы кымбаттап, жеткирилүүчү унаалар 2-3 эсе кымбаттап кеткен. Эми унаа ташуучулар талаада кала турган болушту. Айрымдары өзүн өзү өлтүрүүгө даяр болсо, башкалар унааларды өрттөөгө даяр экенин айтышууда",- деди Турсунбеков.
Унаа ташуучулардын бири Альберт Көбөнов буга чейин "растаможка" 800 доллар болсо, эми 6 миң доллардын тегерегинде болуп калганын билдирди. "Өкмөт бир ай мөөнөт берсе, биздин маселебиз чечилмек. Жакында экономика министри Темир Сариев менен жолугушканбыз. Ал өзү чече албасын айткан. Эртең чечим чыгарын күтүп жатабыз",- деп кошумчалады Көбөнов.
Унаа ташуучулар: "Өкмөт биздин маселени чечип бербесе, суицидге барабыз!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
K.Batken
2015-01-12 14:10:47
мыйзам деген мыйзам,ишке кирдиби аткаргыла!мен ишенем озун0рду эч качан олтургонго бара албайсынар..
+3
Gema
2015-01-12 14:35:17
20 дан машина алып келишип бизнес кылышса анда крутой эле бизнесмендер го колдорунда бар.
0
zamir0506
2015-01-12 15:01:00
Бечара болуп арзан алып кирип алышып. Растаможка кымбаттады деп оло кымбат сатышат. Закон баарына бирдей. Качан эле айтылган растаможка которулот деп. Кымбаттаганга чейин алып келип,кымбаттагандан кийин сатып байып кетишкиси келген. Анан улгурбой калып бечара болуштат.
+1
kg-zzzzz
2015-01-12 15:19:53
1январдан баштап толька 2006 жылдан жогорку машиналар кирет а бул байкуштар алып келе жаткан машиналары 2003-2005 болсо керек себеби башта 2 обемго 800$ расстаможка болсо ошол эле машиналарга азыр 5200$ толоп расстаможка кылат. и kuttubek-kg сага айтарым ойлонуп суйлосон ошол жигиттер машина тагып сага арзат сатканы учун кыргыздар арзан иномарка минип журотта казактарга окшоп жигули минбей а авария болгону ал машина коптугунон эмес праваны сатып алганда болтат.
+1
Lenin
2015-01-12 17:18:09
Кыргыздар казанынын устун жаппай эле койгула баары бир чыга албайт деген анекдот бар эле.
Анчалык катуу кетпегиле. Биз да колдойлу. Убакыт белгилеп берсин бул жигиттерге. Чынында эле жакын калганда абайлашса болмок. Бирок чын эле азыр кандай стресс болуп жатышат.
Окмот туура жагына чечип бергиле!!!
-1
jigit.paren
2015-01-12 20:09:16
окмот маселесин чечип берсе мисалы 800 $ дан кирсе 6000$ лык машинаны булар элге барибир 12000$ дан сатышат уялбай, убагында ойлонуш керек болчу, эми туштон кийин олобуз ортойбуз дебей.
+1
Bakulya79
2015-01-12 20:09:35
Кыйналгыдай ач калган жери жок.Бир гана машына менен иш кылгандар,оздорун ойлошот.Мынчадан алып келсек,охоооо... ушунчадан сатабыз деп байып отура беришет.Ойлору ишке ашпай,окмоттон жардам сурашып жатат.Олгондун озунун шору деген соз барго.Ошондойбу достор..
+1
erikkarakulja
2015-01-12 21:03:35
Бирок чындыгында баарына кыйын эле болду
0
Adilettikenek
2015-01-12 22:25:50
Эми ушулар эле калды эле! Кудая тобоо дебейсиңерби! Бул бийликти иштетесиңерби же жокпу? Кыз боозуп энесин коркутат болбогулачы! Жанталашып көп алып келип алышып, анан растаможкага шылтап, бийликти күнөөлөй бересиңерби!
0
Adilettikenek
2015-01-12 22:26:43
Чоң чычып алып деле аны бийликке шылтаганды, коркутканды токтоткулачы!
0
Adilettikenek
2015-01-12 22:45:18
Кыргыз эли мындан өткөн кыйынчылыктарды көргөн. Чыдаш керек. Коёндун териси деле бир жыл чарыкка чыдаптыр!
0
Manasemetei
2015-01-13 03:35:39
men jaiynda ele alyp keldirgem.bularda tuura emes kylyptyrda.zakon degen zakon.oilonup oi tubuno jetpei kaldym
0
Azura
2015-01-13 08:00:27
Салык которулоорун 4 ай мурун билишкен.расчет кылышпайбы.анан озумду олтуром деп шантаж кылбай.олсо озунун шору
+1
kg.sity93
2015-01-13 12:56:27
Жашоо кыйындап баратат чындыгында.расстаможка эле эмес.тамак аш буюмдун баары кымбаттады...
0
maksnarin
2015-01-13 20:42:55
Олгондун оз шору,а бирок мыйзам баарына бирдей,олсонор жер сатып алып,чыгымынарды камдап анан олгуло,бирок силерди жер да албайт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан