Бүгүн, 12-январда маалымат жыйында каржы министри Ольга Лаврова Башкы прокуратурада сурак бергенин билдирди. "Башкы прокуратура мени суракка чакырып, сурак алуу 4 саатка созулду. Негизинен "Каржы министрлиги кайсы акчаны кимдерге бөлдү?" деген маселе коюлду. Мисалы, Каржы министрлиги түркиялык "Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S." компаниясына өз алдынча каражат бөлгөн эмес, бул маселе боюнча бардык иштер "Кыргыз алтын" ААКы аркылуу чечилет, анткени ал өкмөттүн өкүлү жана "Центеррадагы" акциялардын ээси",- деп билдирди Лаврова.
Эскерте кетсек, Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча “Систем Мюхендислик Иншаат ве Тижарет А.Ш.” деген түркиялык ишканага карыздарды төлөөгө мамлекеттик бюджеттин акчасын пайдалануу маселеси буга чейин көтөрүлүп, талаш жараткан. Маалыматка таянсак, 1990-жылдардын башында Түркия Кыргызстанга 49,2 миллион доллар көлөмүндө насыя берген. Бул боюнча келишимдин мөөнөтү 2011-жылы бүткөн. Алынган насыянын жарымы коммерциялык түзүмдөргө бөлүнүп, анын ичинде “Ак-Кеме” (“Пинара”) мейманканасы да болгон. Ага 8,7 миллион доллар бөлүнгөнү айтылды. 1993-жылы каражат “Ак-Кеме” мейманканасынын курулушуна жумшалган. Аталган долбоор “Ак-Кеме” ЖАКы жана “Систем Мюхендислик Иншаат ве Тижарет А.Ш.” ишканасы тарабынан ишке ашырылган. Кредиттин көлөмү пайыздарын кошкондо 11 миллион долларга чыгып, өкмөт аталган сумманы толугу менен которуп берген.