Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча 3 миллиард 800 миллион долларды түздү. Муну бүгүн, 12-январда каржы министри Ольга Лаврова жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Республикалык бюджеттин тартыштыгы сырттан алынган карыздардын эсебинен жабылып жатышынан кооптонууга болбой турганын белгилейт Лаврова. Мамлекеттик тышкы карыздын суммасы ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 54 пайызды түзүүдө.
"Карыз алуу жалпы макроэкономикалык параметрлерге байланыштуу болууда. Ички дүң продукция 12 миллиард сомго түшүп кетти, мындан улам мамлекеттик карыздын ИДПга болгон пайызы көтөрүлдү. Быйыл ИДП жогорулап, карыздын пайыздык көрсөткүчү түшөт деген божомол бар",- деп билдирди Лаврова.