Ош. Араван районунун борбордук мечитинде кошумча 500 орунга ылайыкташкан намаз окуучу чоң зал ишке берилди

Ош облусунун Араван районундагы “Аль-Бухарий” атындагы борбордук мечитте кошумча дагы 500 орунга ылайыкташкан намаз окуучу чоң зал ишке берилди. Бул тууралуу облустук казыяттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Аль-Бухарий” борбордук мечити медресеси менен комплекстүү заманбап стилде салынып, 2014-жылдын жаз айларында ачылып, ишке берилген. Райондун башкы имамы-хатиби Сайидбурхан Сайдиходжаевдин айтымында, мечитке келген жергиликтүү жамааттын жыштыгы эске алынып, сыйымдуулукту ылайыкташтыруу максатында мечиттин базасында кошумча зал курулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
alooke
2015-01-12 15:20:22
"Мечитте орун жетпей жатат" десе акчасы табылып, залы курулуп бүтөт. Балдарыбыз тарбияланып жаткан эски мектепти оңдойлу десе баары өлүмүш... Издесең 10 тыйын таппайсың. Биринчи орунда мамлекеттик саясат турушу керек эле, тилекке каршы... Абдан керек болуп калып (албетте, ар биринин өз функциясы бар дечи) ушул залга кеткен акчаны мектеп үчүн сурасаң казыят бербесе керек эле
0
barselona
2015-01-12 17:02:30
алооке айым биринчиден мечиттерди мамлекет салган жок чет элдик демоорчулор салып жатбайбы сизда мектеп куруу боюнча ошол чет элдик демоорчулорго кайрылып корбойсбу балким куруп калаар
0
kursantbek
2015-01-12 19:16:32
аллах ыраазы болсун )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан