12-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 854 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 4 миллиард 10 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 159 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 151 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 576 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 769 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 12-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 864 миллион метр кубду түзгөн.