"Бишкектеги №4-төрөт үйүндө кечээ, 12-январда жаңы төрөлгөн ымыркай алмаштырылыптыр" деген сөздөр интернеттеги социалдык түйүндөрдүн биринде талкууга алынган. Бул окуя тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинен төмөнкүлөрдү маалымдашты:
"Борбордогу №4-төрөт үйүндө бала алмаштырылган эмес, ал жерде ата-эне менен дарыгердин ортосунда түшүнбөстүктөр чыккан. Төрөт ымыркайдын атасынын катышуусунда өткөн. Бирок бала төрөлгөн учурда атасы бир аз убакытка сыртка чыккан. Атасы сыртта жүргөндө ымыркай төрөлүп, врач-неонатолог аны кароого башка бөлмөгө алып чыккан. Ал эми наристенин энеси “мен эсимде болчумун, баламды көрсөтпөй чыгарып кетип, аны алмаштырып коюшту” деп ортодо түшүнбөстүктөр чыккан. Ымыркай патология менен төрөлгөн. Азыркы тапта бул окуя боюнча тиешелүү текшерүү-иликтөө иштери жүрүүдө. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз”.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул окуя тууралуу: “Ар бир ымыркай төрөлгөндө аны врач-неонатолог кароодон өткөрөт. Бул жол-жобо ар бир ымыркай төрөлгөндө жасалып келет. Бул жерде наристенин энесинин "Мага эмне себептен баламды көрсөтпөй чыгарып кетет?" деген суроосунун айланасында түшүнбөстүктөр чыккан. Азырынча иликтөө иштери жыйынтыктала элек. Жыйынтык чыгары менен кеңири маалымат беребиз”,- деп билдиришти.
Эске салсак, кечээ борбордогу №4-төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энеси "дарыгер дени сак балабызды оорукчан балага алмаштырып койду" деп чыккан. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.