Дамира Ниязалиева министрлерди эки башка сүйлөбөөгө чакырды

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Жогорку Кеңештин Билим берүү, маданият жана спорт комитетинин 13-январдагы жыйынында министрлерди эки башка сүйлөбөөгө чакырды. Ниязалиева өкмөт кандай токтом кабыл алса, министрлер аны так аткаруусу керектигин айтты. “Өкмөт кандай токтом кылды, ал аткарылышы керек. Өкмөт үйүнөн башканы, депутаттардын алдына келгенде башка нерсени айтасыздар. Мен вице-премьер-министр катары сиздерди эки башка сүйлөбөөгө чакырам”,- деди Ниязалиева. Жыйында мектептердин имаратынан түшкөн ижара акынын 100 пайызын республикалык бюджетке түшүрүү боюнча өкмөт тарабынан сунуш кылынган мыйзамдын долбоору талкууланып жатат. Бул боюнча депутаттардын суроолоруна экономика министри Темир Сариев жооп берүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан