Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине Бишкек мэриясынын Кардарлардын укугун коргоо бөлүмүнөн кайрылуу түшүп, анда бишкектик Б.У.О. аттуу жарандын арызы тууралуу сөз болот. Кайрылууда аталган жарандын 2014-жылдын күзүндө Бишкектеги соода борборлорунун биринен 16 500 сомго сатып алган SonyXperia Z6603 үлгүсүндөгү телефону тууралуу айтылат. Мекеменин маалыматына таянсак, окуя төмөнкүдөй:
Кардар сатып алган телефон дароо бузулган, мындан кийин кепилдик талону аркылуу уюлдук телефон оңдоочу жайга берилет. Бирок бир айдан ашык убакыт өтсө да, телефон оңдолгон эмес. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кардар жана сатуучунун катышуусу менен окуяны териштирген. Жыйынтыгында сатуучу күнөөсүн моюнга алган жана сапатсыз телефон сатканы үчүн кардардын 16 500 сомун кайрып бергени айтылды.