"Кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын эмгектенүүгө уруксат берчү патентке ээ болуш үчүн гана алышкан",- деди бүгүн, 13-январда маалымат жыйынында Орусиянын Челябинск шаарындагы “Ата Мекен” кайрымдуулук фондунун башчысы Камбар Пусуров.
Ал Орусиянын жарандыгы мекендештерибиз үчүн туруктуу жашоого, бирдей эмгектенүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берерин айтып өттү.
"Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский айткандай, кыргыздар Орусиянын жарандыгын бул өлкөдө түбөлүккө жашаш үчүн эмес, уруксат берүүчү кагаз үчүн гана алышкан. Муну эми биздин бийликтегилер түшүнсө болот",- деди ал.
Андан соң Пусуров Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети чет өлкөлүк жарандар боюнча мыйзам долбоорлорун биринчи кабыл албагандыгын баса белгиледи.