Сокулуктагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялык борборуна LDS кайрымдуулук компаниясы тарабынан 241,6 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу 13-январда Социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Бөлүнгөн каражатка алына турган эмеректерди Чүйдөгү Жаш майыптар кеңешинин устаканасы жасайт. Министрдин орун басары Жылдыз Полотова кайрымдуулук кылган компания социалдык колдоо жаатында жоопкерчиликти жана башкаларга үлгү болууну көрсөтүп жатканын белгиледи. Маалыматка караганда, аталган компания буга чейин майыптар арабасын алып берүүгө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн тиричилик техникасын алууга көмөктөшкөн.