Кыргызстан өткөн суткада 54,6 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды, бул көрсөткүч нормадан 7,2 миллион киловаттка ашыкча. Маалыматты бүгүн, 13-январда Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. Бишкек шаары 1,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын нормадан ашыкча пайдаланганы айтылды. Облустар арасында электр кубатын ашыкча коротуу боюнча Жалал-Абад облусу алдыда (0,56 миллион киловатт ашыкча иштеткен). Бишкек жылуулук электр борбору басым менен иштеп, өткөн суткада 8627 киловатт-саат электр кубатын өндүргөн.