Бишкектеги Саламаттыкты сактоо департаментине флюорографиялык бөлмөсү бар унаа берилди

Шаардык кургак учукка каршы борборунда “ЦАДМИР” ишканасынын көчмө флюорографиялык бөлмөсү бар унааны Саламаттыкты сактоо департаментине расмий берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу 13-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, аталган ишкана менен Саламаттыкты сактоо департаменти медициналык унаа алуу боюнча 10 жылга келишим түзүп, калаанын профилактикалык дарылоо уюмдарына колдонууга берилери айтылган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Амангелди Мурзалиев, “ЦАДМИР” ЖЧКсынын башкы директору С.Тобоколова, шаардын профилактикалык дарылоо уюмдарынын медицина кызматкерлери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Дарыгерлердин айтымында, кургак учуктун алдын алуу, жүрөк-кан тамыр ооруларын айыктырууда өмүр сакчыларына көмөк болот. Көчмө флюорография шаар жашоочуларына жана жаңы конуштардын тургундарына Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо кызмат көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан