"Кыргыз темир жолу" ишканасынын 2014-жылкы кирешеси 1 миллиард сомду түздү

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын 2014-жылкы кирешеси 1 миллиард сомду түздү. Муну 13-январда вице-премьер-министр Валерий Диль менен жолугушууда аталган ишкананын башчысы Аргынбек Малабаев билдирди. Жолугушууда Малабаев былтыр тышкы жүргүнчү ташуулар 450 миллион сом, ички каттамда жүргүнчү ташуулар 50 миллион сомдук чыгаша алып келгенин кошумчалады. Буга карабай мекеме жүргүнчү ташуу боюнча социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууну уланта турганын айтты. 

Вице-премьер-министр темир жолдорду оңдоого комплекстүү чара көрүүгө киришүү тапшырмасын бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан