Көмөк чордондогу жана аба чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 14-январда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:30дан 15:30га чейин Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушундагы Чубак, Норус, Кыз-Сайкал, Талаа көчөлөрүндө конушунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.
Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка, Полевое, Виноградное, Привойное айылдарында, Сокулук районуна караштуу Манас, Верхнее Восточное айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 09:00дөн 11:00гө чейин Чүй районуна караштуу Алчалуу, Талды-Булак, Султан айылдарында “Ленинская”, “Жаңы-Жер”, “Кара-Ой” көмөк чордондорунан тараган аба электр чубалгылары оңдолуп, ага байланыштуу электр жарыгы өчүрүлмөкчү. Жумуш учурундагы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн “Түндүк электр” ишканасы кечирим сурайт.