Өткөн жыл ичинде "Түндүк электр" ишканасынын товардык продукциясы 5,1 миллиард сомду түзүп, жалпы 4,9 миллиард сом топтолгон. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 14-январда аталган ишкананын расмий сайтында жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы "Түндүк электр" ишканасынын бөлүштүргүч түйүндөрүнө 6,3 миллиард кВт-саат электр энергия келип түшкөн. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 617 миллион кВт-саатка көп дегенди билдирет. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, электр энергиянын жалпы жоготуулары 16 пайызды түздү. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 2,4 пайызга аз.
Жыл аралыгында калктан төлөм топтоо 91 пайызга аткарылган. Өнөр жай объекттери боюнча - 98,9 пайыз, бюджеттик уюмдар боюнча - 98,8 пайыз, айыл чарба объекттери боюнча - 99,4 пайыз жана башка колдонуучулар боюнча 99,5 пайыз төлөм чогултулган.
Ошондой эле бөлүштүрүүчү ишканалар тейлеген аймактардан топтоо төмөнкүдөй болгон: борбор калаадагы төлөмдөрдү топтоо - 99,4 пайыз, Чүй облусу боюнча - 90,7 пайыз жана Талас облусу боюнча - 88,9 пайыз.