Өкмөт унаа ташуучулардын бажы салыгы боюнча өтүнүчүн четке какты

Өкмөт унаа ташуучулардын импорттолгон унааларына болгон бажы салыктары боюнча бирдиктүү ставкаларды 2015-жылдын 20-февралына чейин күчүнө киргизбөө боюнча өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда SUPER.KG порталына чет өлкөдөн бир нече унааны жаңы жылга чейин жеткире албаган унаа ташуучулардын бири Альберт Көбөнов билдирди.
Анын айтымында, эми алар мындан ары унааларды жеткирүү боюнча кандай багытта иш алып барышарын талкуулашат.
Эскерте кетсек, 2-январда маалымат жыйынында кыргызстандык унаа ташуучулар өкмөттөн алардын көйгөйлүү маселесин чечүү үчүн бир ай мөөнөт сурашкан. Эгер чиновниктер колдоо көрсөтпөсө, айрымдар өзүн өзү өлтүрүүгө даяр экенин билдиришкен. Мындан тышкары бул маселе парламенттин тиешелүү комитетинде да көтөрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
priora1982
2015-01-14 11:00:28
Калп эле эмне озун ОЗУ олтуруш оной бекен бале болду бирдеке болсо эле олом деп коркутушаткен
+4
aidartegin
2015-01-14 11:14:59
Сонун эле...болду... Мындан кача убакыт мурун айтылып келген тыю салынды деп....Жетишебиз деп жанталашпаш керек болчу....
0
Dadasdasd
2015-01-14 11:39:53
Жакшы кылыптыр. Мыйзамдуулукка келуу учун 100 адамдын кыйкырыга карабай тарс эткизип чечип салыш керек.
0
Batyr80
2015-01-14 15:09:26
Эмнеси жакты силерге, эмне акчанар коппу э.
0
maksnarin
2015-01-14 21:32:56
Эн туура эми королу,канчасы жанын кыйып,канчасы машинасын орттоор экен-)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан