Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердин акыркы этабы январь айынын аягында өтөт. Муну парламенттин 14-январдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары
Курсан Асанов билдирди.
"Тендердин акыркы этабы өткөндөн кийин 60 күндүн ичинде тендердик комиссия жеңүүчү компанияны аныктайт. Андан кийин жеңүүчү компания Ички иштер министрлиги менен келишим түзөт. Мамлекет тарабынан кепилдик берилбейт, келишим түзүү жетиштүү. Долбоорду ишке ашыруу жылдын биринчи кварталынын аягында башталат",- деди Асанов.
Долбоорду ишке ашыруу укугун утуп алууга катышып жаткан компаниялар төмөнкүлөр:
"Dessa International S.R.L." (Молдова);
"Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd." (Кытай);
"Ozone Iletişim Teknolojileri" (Түркия);
"Стилсофт Бишкек" (Кыргызстан);
"Anteo Worldwide" (Швейцария).
Айта кетсек, аталган долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган.
Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү.