Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга багытталган мыйзамдын долбоору 3-окууда каралып жатат. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 2014-жылы 11 айдын жыйынтыгында жол эрежесин бузгандардан бюджетке 170 миллион сом түшкөнүн айтты. “Долбоор ишке кирсе, жол эрежесин бузгандардан түшчү айып пулдун көлөмү 3төн 5 эсеге чейин өсүшү же 1 миллиард сомго чейин жетиши мүмкүн”,- деди Асанов.
Долбоор мамлекеттик бюджеттен каражат талап кылбай турганы айтылды. Долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Мыйзамдын долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.