“Балдардын укуктарын коргоо лигасынын” өкүлү Наргиза Конушалиеванын билдиришинче, СИЗОдо энеси менен жаткан баланын абалы жакшы. "Укук коргоочулар бул маселени көтөргөнгө чейин ымыркай кылмышкерлер жаткан шарттарда болгон. Мамлекет ар бир баланын саламаттыгына жооптуу",- деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ, 13-январда Бишкектеги №1-СИЗОго 2014-жылдын 11-августунда камакка алынган Айжан Өмүралиева декабрь айында төрөгөндүгү тууралуу маалымат чыккан.