Токмокто бир үй-бүлөнүн 3 кызы жана алардын атасы иске ууланып каза болду

Токмок шаарында бир үй-бүлөдө 4 адам каза тапты, анын ичинде 3 кыз жана алардын атасы бар. Каза болгондор иске ууланганын SUPER.KG порталына Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Шабдан Рыскулов билдирди.

Бүгүн, 15-январда Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, үйгө келген кыздардын энеси тамак ичүүчү бөлмөнүн полунан 13 жаштагы Камила жана Рамила аттуу эгиз кыздарынын жансыз денелерин тапкан. Үйдүн чарпаясынан 48 жаштагы А.Исмар аттуу үй ээсинин денеси да табылган.

"Токмок шаарынын аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө ушул эле үй-бүлөнүн 2 мүчөсү алынып келген. Кийинчерээк алардын бири эсине келбей жатып каза болду. Аларды медициналык кароодон өткөргөндө денелеринен эч кандай жаракаттар табылган эмес",- деп билдирди Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы. 

Каза тапкандардын үйүн текшерүү маалында үйдүн терезелери ачык экендиги аныкталган. Ал эми столдун үстүнөн айнек банкадагы туздалган бадыраң жана помидорлор, шорпо жана макарондон жасалган тамактар табылган.

"Үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн өлүмүнүн себебин аныктоо максатында үйдөн табылган тамак-аштар соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Алгач алардын тамак-аштан ууланганы боюнча божомолдор айтылган. Экспертизанын жыйынтыгында үй-бүлөнүн 4 мүчөсү иске ууланып каза тапканы аныкталды",- деди Шабдан Рыскулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Ayperi94
2015-01-15 16:17:58
Кандай гул кадимки осуп турганбы ? Ис жонундо маалымат бере кетсениздер билгендер болсо алдын ала рахмат.
0
Moe_EGO
2015-01-15 16:22:34
Ayperi94, гулдон дагы уулу тутун чыкчу беле? Же шылдындаганынбы? Кадимки печкадан чыккан кул. Кул-кагаз, жыгач, жампа, комур куйуп буткондогу калдык. Тушундуш?
+1
chalkan
2015-01-15 16:25:30
Ayperi94, Гүл эмес Күл. От жакканда көмүрдүн пепели, көмүрдөн ис (угар) чыгат, от жаккан жерде вытяжка же вентиляция болуш керек. Имамдары саламат болсун.
0
arisim
2015-01-15 16:20:50
Эне байкушка сабырдуулук тилеймин((((
0
kg.sity93
2015-01-15 16:23:49
Ис комурдун тутогон жыты да.туурабы.энесине сабыр берсин кудайым.жаткан жерлери бейиште болсун.калган омурун энесине берсин.
0
_KipchaK_
2015-01-15 17:11:07
Окунучтуу. Печканы жатаарда козомолдобой калган го кыязы.
0
MIRAN
2015-01-15 18:29:57
Ии байкуштар,Аллах бейишин берсин
0
suiuktuujar
2015-01-15 19:12:17
Жаман окуя болуптур жаткан жерлери жайлуу болсун.Кой жылы башталбай атып жаман кабарлар коп болуп атабы.мындан быягына тынччылык болсунчу.
0
Aselya_9105
2015-01-15 19:38:39
ошондо 5 эмес 6 адам каза болуп жатпайбы?
0
Aysuluuwa
2015-01-15 19:56:56
Ииий кандай гана өкүнүчтүү!! Жаткан жерлери жайлуу болсун! Апакесине сабырдуулук тилейм
0
Bakulya79
2015-01-15 20:41:58
Отто окунучтуу кабар.
0
Alina1984
2015-01-15 21:48:07
Алты емес беш адам го,торт кызы анан атасы
0
Kanat8427
2015-01-15 21:51:27
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
+1
Tahmina94
2015-01-16 01:43:34
Аlinа1984 шашпай окучу алтоо болуп жатпайбы,атасы,Фарида,Салима,Тахмина жана эгиз кыздар.
0
azamat4ik
2015-01-16 04:00:26
Tahmina94, озунуз шашылбай окунуз Салима олгон эмес
0
azamat4ik
2015-01-16 03:58:54
жаман болуптурго эне байкушка кыйын болуптур жаткан жерлери жайлуу болсун
0
Alina1984
2015-01-16 08:28:57
Ооба уйунон егиз кыздар. атасы ,ал реанимациядан екоо есине келбей каза болду деп турат го
0
Alina1984
2015-01-16 08:31:52
Жаткан жерлери жайлуу болсун!Кудайым бейиштен орун берсин!Он гулунун бир гулу ачыла елек козу ачык кеткен кыздарга боорум ооруйт,апасына еле кыйын ,уй толо адам болуп еле, коколой башы калганы,еми бешинчиси аман калса екен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан