Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Маалыматтык тейлөө боюнча атайын борбордун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган кызматкер Бишкек шаарынын тургунуна өзгөчө сандардын комбинациясындагы мамлекеттик номурду алып берүү үчүн андан 3 миң сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда “пара талап кылуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.