Ош шаарындагы Навои көчөсүндө курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн түркүгү үчүн казуу иштери жүрүп жатканда кумура табылды. Бул тууралуу Ош жергесинин тургуну Куштарбек Хасанов SUPER.KG порталына бүгүн, 16-январда билдирди.
Маалым болгондой, 2 метрдей тереңдиктен табылган кумуранын ичинен эч нерсе чыкпаганы айтылууда. Күбөлөрдүн билдирүүсүнө караганда, куруучулар кумура табылгандан кийин адистерге кайрылышкан эмес. Алар өз алдынча казып алууга аракет кылышкан. Натыйжада аны чыгарууга аракет кылып жатышып сындырып алышкан.
Адистер аны “Сулайман-Тоо” тарыхый музей-комплексине өткөрүп берүү керектигин айтышууда. Музейдин кызматкери Хайрулла Убайдуллаев бул тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин жана кызматкерлерге кабарланбагандыгын билдирген.
Эске салсак, 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Мойнок айылында болжол менен бир жарым метр тереңдиктен 4 кумура табылган болчу. Ал аталган айылдын тургуну Матөмөр Борошевдин жеке менчик жеринен чыккан. Ал жердеги дөңдү кыш куюу үчүн топурак алууга казып жатканда көрүнгөн. Бирок аны бүтүн боюнча сактоого мүмкүн болгон эмес, кумура ачылгандан кийин өзүнөн-өзү сынып түшө берген.