Баткенде кол салуудан жарадар болгон чек арачынын биринин абалы оор. Куралдуу кол салуудан каза болгон жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталды. Мамлекеттик чек ара кызматы буларды билдирди:
"Куралдуу кол салууда чек ара тозотунун зардалы (начальник), ага лейтенант Т.Исмаилов каза тапты. Чек ара тозотунун зардалынын орун басары, лейтенант Н.Осмонов жана радиотелефонист, катардагы жоокер Ж.Сагынбай уулу жарадар болушкан. Катардагы жоокер Ж.Сагынбай уулуна Лейлек районунун Исфана шаарынын ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Лейтенант Н.Осмонов Ош шаарынын ооруканасына алынып кетти".
Лейтенант Н.Осмоновдун абалы оор экени кабарланды. Азыркы тапта чек арачылар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча операция жүргүзүшүүдө.
Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү. Окуя болгон жерде ыкчам иликтөө тобу иш алып барууда.
Айта кетсек, 16-январда саат 22:50 чамасында "Лейлек" чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотуна белгисиз адамдар куралчан кол салышты. Анда бир аскер кызматкери каза таап, эки чек арачы жарадар болду.