17-январда КРнын Эл артисти, профессор Таштанбек Жолдошбеков дүйнө салды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 19-январда билдиришти.
Таштанбек Жолдошбеков 1948-жылы 11-мартта Чүй облусуна караштуу Панфилов айылында туулган.
Азыркы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жогорку билимге ээ болгон. Ал 1965-жылдан тартып циркте артист болуп эмгектене баштаган. 1979-жылы "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер", андан соң "КРнын Эл артисти" наамына татыган.
1997-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик циркинде башкы директор жана көркөм жетекчи болуп эмгектенген. Анын "Цирк маданияты" аттуу окуу китеби жарыкка чыккан.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, цирк кызматкерлери жана өлкөнүн чыгармачыл интеллигенциясы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Таштанбек Жолдошбековдун мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу аза күтүшөт.
Маркум 19-январда Чүй облусунун Панфилов айылында жерге берилет.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты КРнын Эл артисти Таштанбек Жолдошбековдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.