6-февралда Чүй облусунун Панфилов районунда мектеп окуучуларын талап-тоноого шектүү Каптал-Арык айылынын тургуну, 22 жашар Санжар.Н аттуу жаран кармалды. Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, Санжар аттуу жигиттин үстүнө окуучулардын ата-энелеринен 4 арыз келип түшкөн. Арыздануучулардын айтымында, кылмышка шектүү жаран күч колдонуу жолу менен мектеп окуучуларынан акча талап кылып алып турган. Учурда аталган жарандын аракеттери боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.